Бишкек-Ош жолунда копсуздукту камсыздоо максатында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүрүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 20-феварль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 (Итагар тилкеси), Ала-Бел ашуусундагы тоолордун үч тилкесинен жалпысынан 20 380 м3 кар түшүрүлдү.
Кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иш-чаралары 21-февраль күнү улантылат.
Министрлик күн жылыгандыгына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин айдоочуларга эскертет. Мындан улам ар бир унаанын ортосундагы аралык 500 метр болууга тийиш.