2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр Жапаров
Бишкек шаарында жаңы жол курулуп, пайдаланууга берилди
28.08.2025 | 17:17

Бишкек шаарында Ж. Пудовкин көчөсүнүн К. Молдобасанов көчөсүнө чейинки уландысы болгон жаңы жолдун курулушу толугу менен аяктап, транспорт кыймылы үчүн толугу менен ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 970 метрди, туурасы 12-14 метрди түзөт. 3 кыймыл тилкеси каралган. Ошондой эле жол белгилери орнотулуп, жөө адамдар үчүн тротуар курулуп, асфальт төшөө иштери толугу менен бүткөрүлүп, жол чиймелери түшүрүлгөн.
Мэр Айбек Жунушалиев аталган жол тилкесин жеринен көрүп чыгып, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө бүткөнүн билдирген.
Мэрия аталган жол тилкесинде оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр киргизилгенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек