Борбор калаанын мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында даярдоону эске салат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун аймагында Кара-Кеченин көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:
— «Ак-Босого» конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй проспектиси 14 дарегинде 1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;
— Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатууда.
1-октябрдан тарта Дэн Сяопин проспектиси 531 боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.
Свердлов районунда Достоевский көчөсү, 1 дарегинде көмүр базасы жайгаштырылган, шабыркүл көмүрү бир тоннасы 5000 сомдон сатылууда, ошондой эле Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.
Ленин районунун аймагында катуу отундарды сатуунун алты пункту төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:
— Мурман көчөсүнүн 126 үйү, 4000 сомдон сатылууда, анын ичинде жүктөө, бирок жеткирүү жок;
— «Кара-Тоо» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) 5000 сомдон сатылат;
— «Береке» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 122, 122а үйлөрү 4000 сомдон сатылат;
— «Беш Сары» ЖЧК Мурман көчөсүнүн 1Б үйү, 4200 сомдон сатылат;
— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси, 306а үйү 4200 сомдон сатылууда;
— «Болотбеков» ЖЧК Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 үйү, 4200-5500 сомго чейин сатылууда.
— Ошондой эле, кошумча көмүр сатуучу пункттар ачылды. Алыкулов көчөсүндө 250 сомдон 350 сомго чейин, Гагарина көчөсүнүн 67 үйүндө 250 сомдон 400 сомго чейин капка салынып сатылууда.
Октябрь районунун аймагында «Кара-Кече», «Кара-Жыра», «Беш-Сары» көмүрлөрүн сатуучу үч пункт жайгаштырылган:
— «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде тоннасы 5000 сомдон;
— Достоевский көчөсү 97дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон;
— Октябрь көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4000 сомдон;
— Анкара көчөсү 1а дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.
Белгилей кетсек, өткөн жылы көмүрдүн тоннасы 6000 сомго чейин көтөрүлүп, бийлик 3500 сомдон социалдык көмүр кампаларын ачууга аргасыз болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз