Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмашты

18.03.2026 | 12:07

Бишкек шаарынын биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Кубанычбек Иманалиев Бишкек шаарынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Иманалиев бул кызматка муниципалдык кадр резервинен тартылды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

38 жаштагы Иманалиев Бишкек каржы-экономикалык академиясынын «Финансылык менеджмент» адистигин бүтүргөн.

Ал буга чейин Финансы министрлигинде, Министрлер кабинетинде жана президенттин администрациясында экономика жана каржы жаатындагы бөлүмдөрүндө адис катары иштеген. 2023-жылдын февралынан бери Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Scroll to Top