Кечээ, 17-декабрда Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине абанын сапатын көзөмөлдөөчү жабдыктарды тапшырып берди. Бул тууралуу Гидрометеорология боюнча агенттиги билдирди.
Гидрометеорология агенттигинин Атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипованын айтымында, Алматы-Бишкек экономикалык коридорун колдоонун алкагында, Азия Өнүктүрүү Банкы менен Кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Ушул Меморандумдун алкагында, жылдын акырына чейин Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында 50 Clarity NODE S датчиктери орнотулат.
Датчиктерди орнотуудан мурун, Бишкек шаарын жана анын айланасын картага жайгаштыруу үчүн бир топ жумуштар жасалган. 50 датчикти Кыргызгидрометтин адистери Clarity NODE S түйүнүн жайгаштыруу боюнча колдонмонун негизинде тандап алышкан. Кененирээк маалымат алуу үчүн жабдыктар Бишкек шаарында гана эмес (борбордо 42 сенсор бар), ошондой эле шаардын айланасында жайгашкан: 3 даана жабдык — Аламүдүн районунда, 1 — Сокулук районунда жана 4 — Ысык-Атада.
Станциялардын жайгашкан жерлерин тандоодо негизги принцип белгилүү бир таасирди аныктоо болгон жана шамалдын багыты, ылдамдыгы жана жыштыгы эске алынган.
Аймактардагы абанын булгануусун көзөмөлдөө үчүн датчиктерди төмөнкү аймактарга орнотуу мерчемделүүдө:
— Унаа кыймылы менен байланышкан жерлер — 16 даана;
— Автовокзалдардын жанында — 4;
— Өнөр жайга байланыштуу жерлер — 7;
— көмүрдүн, отундун жана башкалардын күйүшүнөн чыккан чыгындыларга байланыштуу жерлер — 9;
— Фондук байкоо — 14 сенсор.
Аспаптын мүнөздөмөсү:
— Күн батареяларынан жана батареялардан автономдуу электр менен камсыздоо;
— Аба-ырайы бузулуучу шайман, ультрафиолет нурларына туруктуу;
— Ички глобалдык SIM түзмөктүн жайгашкан жерин тандоодо ийкемдүүлүктү камсыз кылат.