Бишкек жана Кант шаарлардында күчү 4 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Силкинүү Казакстан менен Кыргызстандын чектеш аймактарында, саат 13.34тө болду.
Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөө Кант шаарынан 15 чакырым, Бишкектен түндүк-чыгышкан карай 23 чакырымга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз