Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Бишкек ЖЭБинде алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыктар жүрүүдө
18.08.2025 | 14:31

Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) масштабдуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жылы ЖЭБде беш энергоблокту жана жети турбоагрегатты оңдоо пландалган. Бүгүнкү күндө беш турбоагрегатта оңдоо иштери аяктаган. Ошондой эле көмөкчү жабдууларында жана имараттарында да оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан жылуулук тармактарында жана насостук станцияларда, ошондой эле «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасынын отканаларында жана жылуулук тармактарында оңдоо оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүрүп жатат”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек