Бишкекке 43 автобус алынып келди

Бишкекке 43 автобус алынып келди

Бишкекке газ менен жүрүүчү IZUZU үлгүсүндөгү 43 бирдик жүргүнчү автобустардын үчүнчү партиясы алынып келинди.

Мэриядан билдиришкендей, үч эшиктүү 12 метрлик автобустар 85 жүргүнчүгө ылайыкталган. Автобуста ден соолугунан мүкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар коюлган, кош бойлуу аялдар жана кары-картаңдар үчүн атайын орундуктар каралган.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулулугуна жооп берген жабдыктар ( камера, аба муздаткыч, телефондорду кубаттоочу жай) менен жабдылган.

Белгилей кетсек, ушундай автобустардын дагы 25 бирдиги жакынкы күндөрү келүүсү күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>