Бишкекке Дубайдан 175 кыргыз жараны учуп келди

Бишкекке Дубайдан 175 кыргыз жараны учуп келди

Бишкекке Дубайдан 175 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каттам менен Оман, АКШ, Иордания, Индонезия, Германия, Түштүк Корея, Афганистан, Пакистан, Кувейт, Австрия, Швейцария өлкөлөрүнөн кыргызстандыктар кайтып келишкен. Алар Дубайдын аэропортунан транзиттик каттамга отурушкан.

«Дубай шаарынын аэропортунда каттоо алдында жүргүнчүлөрдөн коронавирус инфекциясына экспресс-тест алынып, жыйынтыгында оору аныкталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>