27-июлда Кыргызстанга Түркиядан 165 жаран кайтып келди. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар «Pegasus Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Түркиядан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Түркия жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.
Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.