Бишкекте үйлөрдөгү меш жарылып бир киши каза болду, 6 киши күйүк алды

Бишкекте үйлөрдөгү меш жарылып бир киши каза болду, 6 киши күйүк алды

Жылытуучу меш (от казан) 19-декабрга караган түнү Бишкектеги үйлөрдүн биринде жарылганын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин «Азаттык» жазды.

Натыйжада, бир үй-бүлөдөн жети киши күйүк жана башка жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. 34 жаштагы аял бейтапканада каза болуп калган.

Азыр окуяда жабыркаган төрт бала Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасында. 34 жаштагы киши жана 13 жаштагы өспүрүм Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатышат.

Балдардын абалы канааттандырарлык. Ал эми эки кишинин абалы орточо оор экенин Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун басма сөз кызматы маалымдады.

Жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Жарылган меш ток газ же көмүр менен колдонулуп келгенби кабарлана элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>