КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкекте экспресс каттамдарды ачуу пландалууда. Жол киренин баасы
02.06.2024 | 11:50
Бишкек шаардык мэриясы экспресс каттамдарга тарифтерди белгилөө боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Тиешелүү маалымат мэриянын сайтында жарыяланды.
Шаар бийлиги тарифтерди төмөнкүдөй өлчөмдө белгилөөнү сунуштайт:
– экспресс-маршруткалар — 50 сом;
– экспресс-автобустар — 50 сом, накталай эмес төлөсөңүз — 40 сом;
– №153 маршрут (12-кичи райондон “Манас” аэропортуна чейин) накталай — 140 сом, накталай эмес — 122 сом.
Мэриянын Транспорт жана автотранспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына белгиленген тартипте экспресс каттамдарды ишке киргизүү боюнча тийиштүү чараларды көрүү тапшырылды.
Буга чейин мэрия экспресс каттамдар шаардын алыскы райондоруна жогорку ылдамдыктагы каттамдарды камсыздай турганын белгилеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар