Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 11 айында өрттөн 12 адам каза таап, 29 адам жабыркаган

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 11 айында өрттөн 12 адам каза таап, 29 адам жабыркаган

Бишкек шаарында өрт кырсыгы ушул жылдын 11 айында 4,7 пайызга азайып, 28 адамдын өмүрү куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11 ай ичинде 757 өрт кырсыгы катталып, (2018-ж. 794) өткөн жылга салыштырмалуу 4,7% азайган. Материалдык чыгымдар 302 миллион сомдон ашык түздү. Мындан тышкары өрттөн 12 адам каза таап, 29 адам жабыркаган.

Өрттөрдүн негизги себептери болуп тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан — 46,4%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 27,1%, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу — 13,2%.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>