Бишкекте №10, №11 троллейбус гана жүрүп жатат

Бишкекте №10, №11 троллейбус гана жүрүп жатат

Бишкекте №10 жана №11 троллейбустар гана жүрүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Троллейбустук башкармалыктан билдирди.

Катуу шамал учурунда бир нече троллейбустук линиялар үзүлгөн. Абдрахманов-Абдымомунов, Жибек-Жолу — Лермонтов, Жибек-Жолу — Батыш автовокзалы, 7-апрель — Горький көчөлөрүнүн кесилишинде транспорт жүрбөйт.

«Линиялар оңдолушу менен баары каттамга чыгат», — дейт мекеме.

Мэриянын маалыматында, автобустар жана маршруткалар штаттык режимде иштеп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>