1-июндан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылды. Бул тууралуу мэрия блдирди.
Мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынды.
«Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кетти», — дейт мэрия.
Андан тышкары, №15 маршрутту кайталаган башка автобустук каттамдар жетиштүү.