Бишкекте 22:00дөн кийинки тыюу фастфуд жана дүкөндөргө тиешелүү эмес
Бишкекте 22:00гө чейин гана иштөө боюнча чектөө фастфуд жайларына жана дүкөндөргө тиешеси жок. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирип, чаралар ири көңүл ачуучу жайларга гана байланыштуу экенин тактады.
Шаар башчысы белгилегендей, сөз көп адам чогулган жана энергия керектөөсү жогору болгон жайлар жөнүндө, башкача айтканда, катуу музыка ойнотула турган, жарык жана үн жабдуулары көп колдонулган жайлар жөнүндө болууда.
«Фастфуд жайлары менен дүкөндөр кадимки режимде иштей берет. Биз чоң көлөмдө электр энергиясын колдонгон жайлар жөнүндө айтып жатабыз. Алар 22:00гө чейин гана иштеши керек», — деди Жунушалиев.
Ошол эле учурда бийлик бардык жарандарды жана уюмдарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, мүмкүн болушунча жогорку кубаттуулуктагы электр шаймандарын өчүрүп турууга чакырды.