Денесин майдалап, этин бышырган. Бишкекте 22 жаштагы жигит апасын өлтүрүүгө шектелүүдө

19.08.2025 | 16:01

Бишкекте жүрөк үшүн алган кылмыш катталды. Алдын ала маалыматка ылайык, 22 жаштагы жигит өз апасын өлтүрүп, дене мүчөлөрүн бөлүктөргө бөлүп кастрюлга салып бышырган.

Маалыматка караганда, Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашоочулар батирден жагымсыз жыт чыгып жатканын билдиришкен. Чакыруу боюнча барган милициянын участкалык инспектору батирден аялдын бөлүнгөн денесин тапкан.

Текшерүү учурунда батирде жашаган 2003-жылы туулган жигит ашканада казанга эт бышырып жаткан. Кийинчерээк казандагы эт 1976-жылы туулган апасынын дене бөлүктөрү экени аныкталган. Калган бөлүктөрү муздаткычтан чыккан.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя боюнча кылмыш иши козголду, тергөө жүрүп жатат.

Scroll to Top