Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Бишкекте 29-августта айрым райондордо суу убактылуу өчүрүлөт
22.08.2025 | 16:02

29-августта, саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым бөлүгүндө таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, суу Лев Толстой көчөсүндөгү диаметри 200 мм болгон суу түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
- Л.Толстой көчөсү
- Асаналиева көчөсү
- Фучика көчөсү
- Темир жол линиясы
- Садырбаев көчөсү
“Жөндөөлөр пландуу иштердин алкагында жүргүзүлүп жатат. Бишкек мэриясы калкты жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат. Шаар жетекчилиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт”,-деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом