Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Бишкекте 3 млн сомдук тыюу салынган электрондук тамекилердин партиясы алынды
02.03.2026 | 09:44
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик контролдун жүрүшүндө Бишкек шаарында тыюу салынган электрондук тамекилерди (никотин жеткирүүчү түзүлүштөрдү) саткан жайды аныкташты.
Мыйзамсыз соода түйүнү 7-кичи райондогу турак үйдүн жер төлөөсүндө жайгашкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, соода ишин Э.Д.Ж. аттуу жаран жетектеген. Продукцияны сатуу атайын схема боюнча уюштурулган: буйрутмалар сатып алуучуларга курьердик кызматтар жана такси аркылуу жеткирилип турган.
Текшерүү учурунда 3 миңден ашык никотин камтыган буюмдар алынды. Товардын жалпы баасы 3 миллион сомдон ашык деп бааланууда.
Алынган бардык буюмдар мындан аркы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Теги: Салык кызматы