Бишкекте 3 саатта туура эмес токтотулган 37 унаа аныкталып, айып короосуна киргизилди

10.04.2026 | 12:06

Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана унааларды токтотууну тартипке келтирүү боюнча рейд өттү. Мэриянын маалыматында, эртең мененки саат 06:00дөн 09:00гө чейин атайын белгилер менен тыюу салынган жерлерге, аялдамаларга жана таштанды челектеринин алдына токтотулган 37 унаа эвакуацияланып, айып короосуна киргизилди.

Рейддин алкагында жашыл аймакка унаа токтоткондугу үчүн жалпы суммасы 38 мине 500 сомду түзгөн 7 протокол, ошондой эле таштанды аянтчаларынын жанына унаа токтоткондугу үчүн жалпы суммасы 6 миң сомду түзгөн 2 протокол түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантыларын билдирди. Унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1000 сом, ал эми жашыл аймакка токтоткондор үчүн 5 миң 500 сом айып пул каралган.

Scroll to Top