Түркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышатКыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдүБишкекте «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин масштабдуу реновациялоо башталды25-февралга карата аба ырайыКР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыялады
Бишкекте 4,5 млн рубль карактоого шектелип эки чет элдик жаран кармалды
11.11.2024 | 16:24
Бишкекте 4,5 млн рубль карактоого шектелип эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматы боюнча, 31-октябрда Бишкектин борборунда эки адам бир жаранга (А.Э.) тапанча менен кол салып, 4,5 млн рубль акчасын алып кеткен.
Аталган факт боюнча “карактоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы Д.Э. жана 27 жаштагы М.У. аттуу чет элдиктер кармалган. Алар Бишкекте ижарага алынган батирде жашашкан. Экөө тең кылмыш жасаганы үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн. Алардан 3 млн 686 миң рубль акча табылып алынган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.