Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-августта милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 11:20да Кулиев көчөсүндө белгисиз адам 12 миң сом жана баасы 8 миң сомдук Redmi 8 Pro телефону салынган барсеткасын уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 45 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Соттун чечими менен шектүү №1 тергөө абагына 22-октябрга чейин камалган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(708) 540-750, 0(779) 043-407 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз