Бишкекте жыл башынан бери 1 миң 300дөн ашык мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Алсак, 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаковдун, ошондой эле бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана роталардын командирлеринин катышуусунда ЖКККББда ыкчам кеңешме болуп өттү.
Жалпысынан 5 айда жол эрежесин бузгандыгы үчүн 142 миң 777 эреже бузуу протоколу түзүлгөн.
Алардан:
— транспорт каражатын мас абалында айдагандыгы үчүн — 1320;
— Айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкаруу — 907;
— автобейбаштык – 25;
— алдыңкы капталдары жана алдыңкы айнектери караңгылатылган транспорт каражатын башкаруу үчүн — 373;
— Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин катышуусундагы эреже бузуу – 8 миң 151;
— Токтотуу же токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн – 77 миң 112;
— Жалган мамлекеттик номур тагылган унааларды башкаруу – 34;
— мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн — 36 миң 510;
— башка укук бузуулар — 18 миң 345;
— Жол эрежесин бузгандыгы үчүн 10 миң 436 унаа атайын айып пул төлөөчү жайга коюлган.
Натыйжада түзүлгөн протоколдорго ылайык, 2022-жылдын 5 айында мамлекеттик бюджетке 62 миллион 74 миң 790 сом түшкөн.