Бишкекте 727 үйгө ысык суу берилди. Бул тууралуу «Медиа штаб” билдирди.
Маалыматка караганда, түтүктөр калыбына келтирилген райондорго ысык суу берилүүдө.
ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура 40 градустан 61 градуска чейин кармалууда.
4-февраль саат 10.00гө карата 8 отказан, 4 турбогенератор иштеп жатат.
Учурда Бишкек ЖЭБнин жалпы кубаттуугу 270 МВт.