Бишкек шаарынын №7 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 73 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, маркум байланышка чыкпай калганы тууралуу маалымат бүгүн, 20-декабрь саат 15:12 чамасында түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, бекилип калган эшигин ачканда, батирдин ичинен 73 жаштагы В.С. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган. Анын сөөгү милицияга өткөрүлүп берилген.