Кантта мурдагы аялын уурдап, акча талап кылган 36 жаштагы шектүү кармалдыОш шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады
Бишкекте абанын булганышы нормадан ашты
28.09.2025 | 19:24

19–25-сентябрь аралыгында Бишкек шаарында атмосферадагы булгоочу заттардын деңгээли чектен ашканы катталды. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, абадагы негизги булгануучу заттардын орточо суткалык концентрациясы белгиленген ченемден 2,67 эсеге жогору болгон.
Адистердин айтымында, абанын бул деңгээлде булганышы шаар тургундарынын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Өзгөчө балдарга, улгайган адамдарга жана өнөкөт дем алуу органдарынын оорулары бар жарандарга терс таасир этүү ыктымалдыгы жогору.
Саламаттыкты сактоо боюнча адистер мүмкүн болушунча сыртка аз чыгууга жана жеке коргонуу каражаттарын колдонууга чакырышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом