Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 30-35 жаштагы белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Бул окуяга байланыштуу Ленин РИИБинин кызматкерлери ыкчам издөө иштеринин жүргүзүп, көп узабай кылмышка шектүү катары 3 адамды кармашкан. Алар 2000-жылы туулган А.К, 2003-жылы туулган С.Ж. жана 2003-жылы туулган Ч.И. аттуу балдар болгон.
Шектүүлөр Ленин районунун ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши ачылган.