Бишкекте адамды уурдап кетип, акча талап кылган шектүүлөр кармалды

Бишкекте адамды уурдап кетип, акча талап кылган шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери адам уурдоого шектелип 4 адамды кармашты. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 9-апрелинде Б.С. аттуу нөөмөт бөлүмүнө арыз менен кайрылып, унаа токтоочу жайлардын биринде болжол менен саат 21:00дө белгисиз адамдар анын бир тууганы Б.Р.ны уурдап, белгисиз тарапка алып кеткендигин билдирген. Алар андан акча талап кылышкан.

Ушул эле күнү бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 1977-жылы туулган К.Б., 1994-жылы туулган К.М., 1998-жылы туулган З.И., 1998-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган З.С. кармалып, суракка алынган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б., К.М., З.И., А.А., КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

А.А. жана З.С.га карата тергөө амалдары уланууда, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Ал эми РИИБден өзүн укук коргоо органынын кызматкеримин деген кармалгандардын бири А.А. милиция кызматкери эместиги аныкталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>