Бишкектеги акча алмаштыруучу жайды тоноп, 10 миң доллар алып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, карактоо 11-июль күнү саат саат 12:40 чамасында болгон.
Белгисиз адам аталган жайдын кызматкерин сабап, 10 доллар алып чыгып кеткен. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Чүй облусунун 1993-жылы туулган жашоочусу М.Б. аттуу жаран кармалган.