Бишкекте акы төлөнүүчү чыгыш айланма жолу курулат

Бишкек шаарында акы төлөнүүчү чыгыш айланма жолу курулат. Бул боюнча өкмөттүн токтому «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Токтомго ылайык, аталган жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “долбоордук кум коргон” режиминде курулат.
Мамлекеттик өнөктөш катары Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы аныкталган.
Аталган долбоор үчүн жалпы аянты 79,8 га болгон жер тилкеси бөлүнөт. Зарыл болгон учурда бөлүнгөн жер транформацияланат.
Токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 1-декабрда кол койгон. Ал расмий жарыяланган күндөн, 2-декабрдан, тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кемин менен Көк-Жардын ортосунда акы төлөнүүчү айланма жол куруларын билдирген. Анын айтымында, жолдон өтүү акысы 200–300 сомдун тегерегинде болот. Долбоордун алдын ала баасы болжол менен 65 млн долларды түзөт, бирок келечектеги трассанын так маршруту азырынча аныктала элек.