Аюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды
Бишкекте Аль-Фараби атындагы КазМУнун филиалы ачылат
26.05.2022 | 15:49
Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылат. Анын ачылышына Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын башчысы казак кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.
Садыр Жапров КазМУнун филиалы биздин өлкөлөр үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдай турган кадрлардын установкасына айланарына ишенимин билдирди.
«Биз мамлекеттерибиздин аймагында улуттук маданиятты, үрп-адаттарды, каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн мындан ары да шарттарды түзүүнү зарыл деп эсептейбиз», – деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаровдун айтымында, Казакстан быйыл Кыргызстандан студенттерди даярдоо үчүн өзүнүн ЖОЖдоруна 50 орун бөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом