Бишкекте Аламүдүн сейил багындагы өз билемдик менен тургузулган кафе ээси тарабынан алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, кафе Будённый жана М.Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, сейил бакты оңдоп-түзөө планына кирген эмес. Түшүндүрүү иштеринен кийин кафенин ээси аны өзү ала турган болгон.
Кафе 19-декабрда демонтаж болуп, 200 чарчы метр жер бошогон.
Ошондой эле мэрдин тапшырмасы менен Аламүдүн сейил багындагы Жибек-Жолу жана Будённый көчөлөрүндө өз билемдик менен тургузулган 17 объект алынган.