Бишкекте Алматыдагыдай бирдиктүү микромобилдүүлүк оператору иштей башташы мүмкүн. Бул эмнени билдирет

29.10.2025 | 11:57

«Яндекс Кыргызстан» ишканасынын жетекчиси Тилек Сулайманов Бишкекте брифинг өткөрүп, электросамокат ижарага берген компаниялардын ишин координациялоо үчүн бирдиктүү оператор түзүү демилгесин сунуштады.

Бул демилге учурда шаар мэриясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Анын айтымында, мындай кадам микромобилдүүлүк кызматтарынын ишин иретке келтирүүгө, электросамокаттарды пайдалануу эрежелерин бузуу учурларын азайтууга жана шаар көчөлөрүндөгү коопсуздукту жогорулатууга жардам берет.

Сулайманов белгилегендей, бирдиктүү оператор муниципалитеттин алдында иш алып барып, бардык ижарага берүүчү ишканалардын өз ара кызматташуу аянтчасы болот.

Ал ушул сыяктуу система Алматы шаарында ийгиликтүү иштеп, бирдиктүү операторду киргизүү шаардык транспортту жөнгө салууда оң жыйынтыктарды бергенин кошумчалады.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри электросамокаттарга тыюу салынбай турганын, бирок алардын жүрүү эрежелери так аныкталарын билдирген. Ошондой эле муниципалитет жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдалануунун жаңы тартибин иштеп чыкканын маалымдаган.

Scroll to Top