Кадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жок
Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылды
20.10.2025 | 20:40
Бүгүн, 20-октябрда Х “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, фестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргызстандын эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналган.
Маданият министрлиги белгилегендей, фестивалдын максаты — Улуу Жеңишти даңазалоо, Мар Байжиевдин чыгармачылыгын эскерүү, кыргыз театр өнөрүн эл аралык деңгээлге чыгаруу, театрлар ортосунда тажрыйба алмашуу жана жаш актёрлорду колдоо.
Фестивалдын программасы:
20–25-октябрь күндөрү спектаклдер саат 11:00 жана 19:00дө төмөнкү театрларда көрсөтүлөт:
- Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;
- Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры;
- Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры;
- Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры.
Бардык каалоочулар үчүн кирүү акысыз.



