Бишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей

06.04.2026 | 16:38

Акыркы убакта Бишкектин тургундары жана коноктору үчүн эс алуунун популярдуу түрү ат минип сейилдөө пайда болду. Бул аркылуу ар бир адам бир нече саатка болсо да өзүн ат үстүндөгү көчмөндөй сезе алат. Тажрыйбалууларга күлүк аттар, ал эми алгачкы жолу минип жаткандарга жоош аттар берилет. Каалооңузга жараша достор же үй-бүлө менен, атүгүл жалгыз да барса болот ар кандай суроо-талапка жараша турлар бар. Кооз көрүнүштөр жана жаңы таасирлер үчүн алыска баруунун кажети жок. Шаардан унаа менен 15-20 мүнөттүк аралыкта жайгашкан ат короолору жана ат минүү менен эс алуу борборлору жайгашкан.

Ат минүү үчүн Бишкекке жакын кайсы жерге барса болот?

Ат менен шар аккан суулардан, ашуулардан, аскалуу тоолордон же калың токойлордон өтүү бул Чүй же башка аймактардагы көп күндүк турларда камтылган. Ал эми Бишкектин тегерегиндеги маршруттар жөнөкөй: алар негизинен Кыргыз Ала-Тоосунун этектериндеги шиберлер, талаалар жана дөңсөөлөр аркылуу өтөт. Жазында көз алдыңызда жашыл шибер жана кызгалдактар ачылган тоолор турса, жайында жана күзүндө жайлоо, түшүм бышкан талаалар, ал эми кышында көздү алган аппак кар жана чексиз мейкиндиктерге күбө болосуз.

Бирок атчандардын алдындагы көрүнүштөр жана ат минүү менен кошо берилген кызматтардын түрлөрү ар кандай. Мисалы, Көк-Жар айылындагы Hyde Park эс алуу борборунда тоо койнуна ат менен чыгып, токойлорду аралап, Бишкекке бийиктиктен суктанууга гана эмес, манежде сейилдөөгө жана атты туура башкарууну үйрөнүүгө шарт түзүлгөн. Ал эми балдар үчүн пони минүү варианты бар. Ушундай эле кызматтарды Орто-Сай айылындагы Health Club ат клубу да көрсөтөт. Бирок аларда кошумча мүмкүнчүлүк катары боз үйдө бир суткага калып, көчмөн турмушуна толугу менен аралашууга болот.

«Ала-Тоо» совхозунда жайгашкан Kok-Boru House борбору борбор калаанын четинде Бишкекти жана анын тегерегин бийиктен карап ат менен сейилдөөнү, ошондой эле улуттук ат оюндары: көк бөрү, аламан жана улак тартыш менен таанышууну сунуштайт. Ал эми батышты көздөй, «Арча-Бешик» конушунун жанында Horse Riding ат короосу жайгашкан. Анда аттар менен талааларды кезип, сугат каналынын жана жакын жердеги чакан суу сактагычтын жээгинде сейилдеп, токой ичинде пикник жасап, күндүн батышын тосууга болот.

Бишкектен бир аз алысыраакта, жол тыгындарын эсепке алганда 40 мүнөттөн бир саатка чейинки аралыкта Ala-Archa Horse Tour жайгашкан. Алардын программасында Ала-Арча капчыгайындагы Бишкек шаары көрүнүп турган кенен Арчалы жайлоосуна чыгуу каралган. Арашан айылында болсо Horse Club.kg, «Тулпар», Horse Rancho, Sayapker жана Attar KGZ сыяктуу жайлар иштейт. Алар тоо койнунда ат менен сейилдөөнү, ат минүүнү нөлдөн баштап үйрөтүүнү жана көк бөрү оюну менен таанышууну сунушташат. Ошондой эле ат минип келгенден кийин пикник жасоо үчүн мангал жана казандар берилет, ал эми айрым жерлерде отко бышкан даамдуу жана тоюмдуу картошкалуу куурдак даярдап беришет.

Бишкектен бир аз алысыраакта, Кашка-Сууда «Чабандес», ал эми Ичке-Суу жана Сын-Ташта Attar KGZ борборунун дагы эки филиалы жайгашкан. Ал жерлерде сизге ат менен сейилдөөдөн тышкары, жаңы саалган саамал, кымыз сунушталат. Туристтик маршруттарга кызгалдак талаалары, жайлоодогу боз үй айылдары жана «Эдельвейс» шаркыратмасы кирет. Ошондой эле шаардан бир сааттык аралыктагы Кара-Булак айылында жана ушундай эле аталыштагы эко-резортто тоо боорлорун, токойлорду жана Кара-Булак капчыгайын ат менен кыдыра аласыз. Сейилдөөгө эстелик үчүн фотосессияны, жаа атууну кошууга болот, ал эми эс алуу жайында бир нече күнгө калсаңыз мезгилге жараша кымыз менен дарылоо курсун жана фитобочка кызматтарын алсаңыз болот.

Эгер чөйрөнү толугу менен алмаштыргыңыз келсе Чоң-Кемин улуттук паркына барыңыз. Ал жакка Бишкектен унаа менен 2,5 саат, эң көп дегенде 3 саатта жетесиз. Кароол-Дөбөдө жана Чөң-Кемин өрөөнүнүн башка айылдарында ондон ашык ат короолору жана конок үйлөрү бар, барганда эле аттарды ижарага алса болот. Улуттук парктын аймагындагы жана өрөөндөгү ат маршруттары талаалар жана токойлор аркылуу өтүп, Чоң-Кемин дарыясынын же анын куймаларынын жээгинде эс алууну камтыйт. Кааласаңыз, түнөп калууну да макулдашууга болот. Бирок туристтик сезон башталып, орундар жок болуп калышы мүмкүн болгондуктан, номерлерди алдын ала ээлеп коюу сунушталат.

Бишкектин четинде ат минүүнүн баасы канча?

Бир сааттык ат минүүнүн баасы бир адамга 600 сомдон 1800 сомго чейин жетет, ал эми 2-3 сааттык сейилдөө үчүн 1800 сомдон жогору. Саатына 600 сомдук варианттар да бар. Аларда аттын ээрлери жөнөкөй жана сейилдөө талаалар аркылуу өтөт. Кымбатыраак варианттарда тоолорду кыдырып, чакан өзөндөрдү жана капчыгайларды аралайсыз. Инструктор сизди жана шериктериңизди гана коштоп жүрөт. Керектүү жерде токтоп, эстелик үчүн сүрөткө же видеого тартып берет. Айрым учурларда инструктордун иши аттын ижарасынан бөлөк төлөнөт саатына 1000 сомдон баштап.

Эгер сиз ат минүү борборлорунда же ат баккан конок үйлөрүндө түнөп калгыңыз келсе, бир адамга кеминде 5000 сомдон баштап эсептеңиз. Кээ бир жерлерде бул суммага жатуу жана эртең мененки тамак гана (ат минүүгө өзүнчө төлөнөт) кирсе, башка жерлерде бассейн, жаа атуу, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү боюнча мастер-класстар жана башка көңүл ачуулар кирген толук тейлөө сунушталат.

Эгер унааңыз жок болсо, кыргызстандык туркомпаниялардын бири менен бир күндүк ат менен сейилдөө туруна чыксаңыз болот. Мындай турларды ондон ашык фирма уюштурат, атүгүл эркектер үчүн гана же аялдар үчүн гана бөлүнгөн мусулманча турлар да бар. Топтун курамында бир күндүк аттуу турдун баасы киши башына 2500–2800 сомдун тегерегинде болот. Бул суммага транспорт, гид-коштоочунун, инструктордун жана атчынын кызматы, атты 3-4 саатка ижарага алуу, эко-жыйымдар жана сейилдөөдөн кийин кафеден каттама же башка даамдуу тамак менен тамактануу кирет.

Эгер сиз таптакыр ат минип көрбөсөңүз капаланбаңыз. Сейилдөө алдында сизге атайын инструктаж өткөрүлөт. Коопсуздук үчүн айтылгандын баарын эстеп калууңуз зарыл. Сизге ат кандай буйруктарга баш ийерин, атка кантип минүүнү, үстүндө кантип түз олтурууну жана аттан кантип туура түшүү керектигин түшүндүрүп беришет. Ошондой эле ат үрккөндө эмне кылуу керектигин, мындай учурда кантип туура кулаш керектигин айтып берип, ээрге олтурууга жардамдашышат.

Эгер ээрге олтурганда өзүңүздү ыңгайсыз сезсеңиз, үзөңгүнү боюңузга жараша тууралап берүүнү же ээрди алмаштырууну сураныңыз. Боюңузга туура келбеген ат жабдыктары сейилдөөнү чыныгы азапка айлантып коюшу мүмкүн.

Сейилдөө учурунда инструктордун бардык айткандарын так аткарыңыз. Эгер эрежелерди бузуп, өз алдынча катуу чаап кетсеңиз, сейилдөөңүз акчасы кайтарылып берилбестен токтотулушу мүмкүн. Ат короолору сиздин коопсуздугуңуз үчүн жоопкерчилик тарткандай эле, сиз да өзүңүз үчүн жооптуусуз. Белгилей кетчү нерсе, ат минүүгө ылайыкталган шлем, коргоочу жилеттер жана атайын бут кийимдер бардык эле ат короолорунда же эс алуу борборлорунда боло бербейт.

Ат минүүгө эмнелерди алуу керек?

Сейилдөө учурунда сизде аба ырайына жана мезгилге жараша ыңгайлуу кийим болушу керек. Спорттук шым, футболка жана толстовкалар ылайыктуу. Бутуңузга треккинг ботинкаларын же таманы тегиз эмес спорттук бут кийим кийиңиз. Кийим жана бут кийим бир аз кийилген, кенен жана одоно тигиштери жок болушу шарт. Ичинде өзүңүздү ыңгайлуу сезүү маанилүү. Аттардын өзгөчө жыты бар, ошондуктан сейилдөөдөн кийин кийимиңизди которгуңуз келет. Алмаштыруучу кийимди да өзүңүз менен ала келгениңиз оң.

Мындан тышкары, рюкзагыңызда төмөнкүлөр болушу керек:

• Күндөн коргоочу көз айнек;

• Баш кийим — кепка же шапка;

• Күндөн коргоочу крем — көптөгөн маршруттар ачык жерлерде өтөт, териңиз күйүп калуу коркунучу бар;

• Кенеге каршы спрей — Кыргызстанда кенелердин сезону башталды. Ат минүү алдында кызыл ашык, тизе, билек, бел, жака жана жең туштарына спрей чачыңыз;

• Суу — бир адамга кеминде 1–1,5 литр, ошондой эле жеңил тамактар (белоктуу батончиктер, шоколад, снектер, пастила, кургатылган жемиштер, мөмө-жемиштер жана какталган эт);

• Нымдуу жана кургак салфеткалар же колду тазалоочу антисептик, ажаткана кагазы;

• Төшөнчү — дээрлик бардык турларда кооз жерлерде эс алууга убакыт берилет. Аттар эс алып жатканда, сиз жаратылышка суктана аласыз;

• Пауэрбанк жана телефондун кубаттагычы.

Ошондой эле кичинекей аптечка ала жүрүңүз: суутек перекиси же хлоргексидин, пластырь, стерилдүү жана стерилдүү эмес бинттер, йод же зеленка, ооруну басаңдатуучу, аллергияга жана ашказан оорусуна каршы дарылар, ошондой эле өзүңүз ичип жүргөн жеке дарыларыңыз. Эгер сиз туркомпания менен бара жатсаңыз, аптечка гидде болушу керек. Бирок өзүңүздүкү да болгону жакшы.

Эмнелерге тыюу салынат?

Сейилдөөңүз жагымдуу эмоциялар жана кооз көрүнүштөр менен гана эсте калсын десеңиз төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактаңыз:

• Эч качан ат менен сейилдөөгө ичимдик ичип алып же мас абалында келбеңиз. Ошондой эле көңүл бурууну начарлатуучу тумоого каршы, тынчтандыруучу же башка күчтүү дарыларды ичип жатсаңыз, атка минүү кооптуу.

• Аттын артында турганда ат сизди көрбөйт, андыктан чочуп кетсе, тээп жибериши мүмкүн. Алды жагынан да тээп же тиштеп алуу коркунучу бар.

• Эгер кескин жыттанган атыр себинсеңиз, аттын жанына жакын барбаңыз. Ошондой эле аттын жанында кыйкырууга, чуркоого жана кол булгалоого болбойт. Бул жаныбарлар кескин кыймылдарды, үндөрдү жана жыттарды жактырбайт.

• Жолдон үзүп алган чыбык же таяк менен, ошондой эле такаңыз менен атты урбаңыз. Ал үркүп чуркап жөнөшү же оодарып жибериши мүмкүн, натыйжада жаракат аласыз.

• Ээрде отурганда колуңузга телефон, баштык же тамак-аш албаңыз. Тизгинди ар дайым кунт коюп кармаңыз.

• Сейилдөө учурунда топтошуп эмес, бири-бириңиздин артынан тизилип, инструктордун соңунан жүрүңүз. Сиздин атыңыз менен алдыдагы аттын ортосундагы аралык кеминде 1 метр, эң жакшысы 5-6 метр болушу керек. Мындай аралыкта аттар бири-бирин тээп же тиштеп ала алышпайт. Айрым ат короолорунда аттарга тумшук жапкыч кийгизишет, бирок бул Кыргызстанда көп жайылган тажрыйба эмес.

• Акырында, атка өз алдынча тамак бербеңиз. Аттын ден соолугу үчүн сэндвичтер, момпосуйлар, шоколаддар, жашылча-жемиштердин көбү, булочка, нан жана эт азыктары зыяндуу. Сиздин рюкзагыңыздагы же жаратылыштан үзүп алган дээрлик бардык нерсе жаныбарды ууландырышы же анын ашказанында олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. «Атты тамактандыруу» идеясы сиз үчүн да кайгылуу аякташы ыктымал. Мисалы, эгер сиз тамакты алаканыңызга салбай, манжаларыңыз менен сунсаңыз катуу жаракат алышыңыз мүмкүн.

Ат тиштеп алса эмне кылуу керек?

Аттын шилекейинде бактериялар көп, аны менен байланышуу селейме (столбняк) же кутурма оорусу менен аякташы мүмкүн. Ошондуктан, ат сизди шымыңыздын сыртынан бутуңуздан жеңил эле тиштеп алса, колуңузду тиштесе жана көрүнүктүү жаракат жок болсо да тиштеген жерди көңүл сыртында калтырууга болбойт.

Тиштеген же шилекейленген жерди мүмкүн болушунча тезирээк агын суу менен кир самындап жууш керек. Мындай мүмкүнчүлүк жок болсо хлоргексидин да жарайт. Жарааттын тегерегин атайын каражат менен тазалаңыз: хлоргексидин, суутек перекиси же спирт. Эгер жараат ачык болуп, кан акса четтерин кошумча йод же спирт менен тазалап, үстүнө таза, кургак, стерилдүү жана өтө катуу эмес таңгыч коюңуз.

Эгер тиштеген жер баш, моюн, колдун алаканы, манжалар, бут манжалары же чат аралыгы болсо — сейилдөөнү дароо токтотуңуз. Бул жерлер ири артерияларга жакын жайгашкан, ошондуктан кутурма вирусу кичинекей жараат аркылуу да нерв системаңызга жана мээңизге тезирээк жетип барат. Жакынкы ооруканага барыңыз, ал жерден жаракатты текшерип, селеймеге жана кутурмага каршы вакциналарды сайышат. Ошондой эле тиштеген жерде сынык болсо, сейилдөөдөн дароо ооруканага жөнөшүңүз керек. Сынык болсо жабыркаган жерди кыймылдатпоого аракет кылыңыз.

Жаракаттын бардык түрү катталса Бишкекке кайтып келгенде сөзсүз рабиологго барыңыз. Дарыгер-рабиологдун кеңешин Манас проспектиси, 41 дарегиндеги Спорттук-реабилитациялык борбордун травматологиялык пунктунан алсаңыз болот. Бул абдан маанилүү — аттар эмделген деген сертификат көрсөтүлсө да, же райондук ооруканада сизге кутурма жана селеймеге каршы эмдөө жасалса да. Рабиолог кутурманын алдын алуу менен алектенет. Ал дагы бир жолу жараатты текшерип, сизди качан жана кайсы жерде тиштегенин каттап, эмдөө курсун тактап, каттоого алат. Эгер ат эмделген болсо жана анын абалы жакшы болсо, сизге болгону үч ийне сайылат. Бирок тиштегенден кийин он күндүн ичинде жаныбар өлүп калса алты ийне сайылат. Эгер сиз чет өлкөлүк болсоңуз жана эмдөө курсу аяктаганга чейин учуп кетишиңиз керек болсо, сизге маалымкат берилет, калган ийнелерди мекениңизден сайдырсаңыз болот.

Тийиштүү деңгээлде этият болуу

Ошентип, Бишкекке жакын аймактардагы ат менен сейилдөө рыногу кызматтардын кеңири түрүн сунуштайт — саатына 600 сомдон башталган бюджеттик варианттардан тартып, эко-резорттордо түнөп калуу менен 5000 сомдон жогору турган эс алууга чейин. Суроо-талаптын негизги кыймылдаткычтары салыштырмалуу жеткиликтүүлүк (коомдук транспорт жок болгон учурда, ал жакка унаа менен жетүү оңой) жана маршруттардын ар түрдүүлүгү: талаалар, тоо этектери, капчыгайлар жана жээктер.

Бирок рыноктун катышуучулары эскерткендей, арзан баа жогорку коопсуздукка кепилдик бербейт. Ат жабдыктарынын сапатынын ар түрдүүлүгү жана жаратылыш шарттары (кенелерден баштап, аттын мүнөзүнө чейин) адамдан өзгөчө тартипти талап кылат. Ат тиштеген же жаракат алган учурлар сейрек болсо да катталып турат. Мындай кырдаалда дарыланууга кеткен чыгым сейилдөөнүн баасынан бир топ ашып кетиши мүмкүн.

Туристтик сезондун кызып жатканын жана ат базаларында (өзгөчө Чоң-Кеминде) орундар чектелүү экенин эске алып, эксперттер алдын ала брондоону сунушташат. Эгерде коопсуздук эрежелерин так сактап, өзүңүздүн жөндөмүңүздү туура бааласаңыз, Бишкектин четиндеги бул эс алуу — шаардан алыс кетпей эле жаратылыштан ырахат алуунун эң сонун ыкмасы болуп кала берет.

Елена Короткова

Scroll to Top