Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Бишкектеги атышуудан бир адам оор абалда ооруканага түштү (видео)
11.08.2022 | 23:53
Социалдык тармакта тарап жаткан видеодогу атышуу боюнча борбор калаанын ички иштер башкармалыгы үн катты.
Маалым болгондой, 7-августта милицияга Карманская көчөсүнөн белгисиз адам октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерди кароо учурунда ыкчам-тергөө тобу тапанча, 1 даана гильза табышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 38 жаштагы эркек киши оң санынан оор жараат алып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар