Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Бишкекте аутизм менен ооруган Эмирхан изделүүдө
20.03.2025 | 22:41
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 10 жаштагы Эмирхан Исматов изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 20 мартта аларга Эмирхан Исматовдун апасы кайрылып, уулу бүгүн саат 15:30да Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Белгилери: бою 140-145 см, чачы кыска, кара, көзү кара, арык чырай, ак жуумал.
Өзгөчө белгилери: аутизм менен ооруйт, жакшы сүйлөй албайт.
Кийген кийими: хаки түсүндөгү шым, боз спорттук кофта, боз спорттук бут кийим.
Милиция Эмирхан Исматовду көргөндөр болсо, 0 (312) 35 29 47, 0 (312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом