Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жазды
Бишкекте автобус менен жеңил унаа сүзүштү (видео)
01.11.2024 | 15:03
Бишкекте бүгүн, 1-ноябрда эл ташыган №216 каттамдагы автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсык болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматы боюнча, жол кырсык эртең менен саат 09:15тер чамасында болгон. Автобус Айни көчөсү менен (башкы жолдо) чыгышты көздөй бараткан. Ал Шота Руставели көчөсүнө жеткенде, Nissan унаасы аны өткөрбөй сол капталын сүзгөн. Анын айынан автобус жол жээгинде турган унааны сүзүп токтогон.
Жол кырсыктан жабыркагандар бар. Бул факт боюнча Милициянын кайгуул кызматы териштирүү иштерин баштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом