Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук таксинин айдоочусу аял кишини сүзүп кетти. Окуяны Reporter.kg`ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов тактыктады.
Анын айтымында, кырсык бүгүн, 25-декабрда саат 08:30га жакын болгон.
“Маршарттук такси жолдон өтүп бараткан аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Учурда жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери жеринде иштеп жатат”, — деди Оторов.
сүрөт: 24.kg