Бишкекте аялдын электрондук капчыгыннан 23 миллион сом чыгарылып кеткен
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, укук коргоо органдарына бир аял кайрылып, 14-ноябрда белгисиз адамдар электрондук капчыктын системасындагы техникалык мүчүлүштүктү пайдаланып, мыйзамсыз түрдө 23 миллион сом чыгарып кеткенин билдирген. Каражат үчүнчү тараптагы уюмдардын электрондук капчыктарына которулган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИБ кызматкерлери 25 жаштагы А.Э. аттуу шектүүнү кармашты. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Укук коргоо органдары кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантууда.