Бишкекте аймактагы эң ири долбоор – «Алтай» шаарчасынын курулушу башталды
Президент Садыр Жапаров 20-ноябрда Бишкекте «Алтай» шаарчасынын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул аймактагы эң ири турак жай долбоорлорунун бири болуп саналат. Жаңы комплекс 234 гектар аянтка жайгашып, 1 миң 551 беш кабаттуу үйдөн турат, анда жалпы 34 миң 4 батир каралган.
Курулуштун жалпы аянты 1 млн 7 мин чарчы метрден ашат. Долбоордо коомдук инфраструктура толук камтылган: мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар, ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция жана өрт кызматтарынын бөлүмдөрү. Жашоочулар үчүн 50 гектарлык сейил бак, ошондой эле спорт жана балдар аянтчалары курулат.
Шаарчанын транспорттук тармагы 86 км ички жолдордон, 50 км тротуарлардан жана 34 миң 500 автоунаага эсептелген унаа токтотуучу жайлардан турат.
Аземде сүйлөгөн сөзүндө Жапаров долбоордун максаты — борбордун өсүп жаткан калкын жеткиликтүү жана заманбап турак жай менен камсыз кылуу экенин белгиледи. Мамлекеттик контракттын алкагында батирлердин 10%и (3 400 батир) мамлекетке берилет.
Президент «Алтай» шаардын жаңы ири борбору болуп, заманбап чөйрө түзөрүн белгилеп: «Биз келечек муундарга өнүккөн Бишкекти калтыргыбыз келет. 200 минден ашык жаран турак жайга муктаж, ошондуктан мындай долбоор бүгүнкү күндүн талабы», — деди.
Аземден кийин мамлекет башчысы Биринчи Май районунун тургундары менен жолугуп, алардан билим берүү, инфраструктура жана коммуналдык тейлөө маселелерин укту. Жапаров тиешелүү органдарга кайрылууларды карап чыгып, чара көрүүнү тапшырды.

