Бишкек шаарында балаты базары иштеп баштады. Бул тууралуу тууралуу шаар бийлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Октябрь районунда, Медеров жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык балаты базары иштеп баштаган.
Балатыларды сатуу 31-декабрга чейин уланат.
Базарда Тянь-Шань карагайы, тикенектүү көк карагай, кабырчыктуу жана алтын түстүү арча, туя, сибирь жыгачтары жана башка түрлөрү арзан баада сатылууда. Бардык ийне жалбырактуу дарактар жабык тамыр системасы менен, башкача айтканда, топурагы менен сатылат.
Жаңы жылдан кийин сатып алуучулар бактарды ачык жерге отургуза алышат. Сатуучулар көчөттөрдү кантип туура отургузуу керектигин айтып беришет.
Мэрия шаардыктарды эгерде балатыны жаңы жылдан кийин короосуна отургузууну каалабаса, анда борбор калаанын сейил бактарына отургузууну сунуштайт.
Бак отургузуу үчүн арыздарды шаардык парктар ишканасынын директору Калича Умуралиевага же агроном Нурлан Батыркановго тапшырса болот.
Калича Умуралиева 0707 777 749;
Нурлан Батырканов 0701 003 553.
[su_image_carousel source=»media: 52132,52133,52134,52135″ crop=»none» autoplay=»4″]