Бишкекте батирде адам өлтүргөн шектүү кармалды

Бишкекте батирде адам өлтүргөн шектүү кармалды

Бишкек шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта Ахунбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде адамдын жансыз денеси табыганы тууралуу маалымат түшкөн. Тартип сакчылары окуя болгон жерге барып, маркум 42 жаштагы борбор калаанын тургуну экенин аныкташкан.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы киши кармалып, Октябрь райондук ичики иштер башкармалыгына жеткирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталганы кабарлашты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>