Бишкекте батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ 7-октябрда саат 20:30дар чамасында ӨКМнын куткаруучулары 8-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1948-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.