Бишкекте биологиялык коопсуздук боюнча орус-кыргыз консультациялары өттү

26-августта Бишкекте биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча Орусия менен Кыргызстандын мекемелер аралык форматтагы консультациялары өттү. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Б.А. Исмаилова, ошондой эле Орусия ТИМинин Куралсыздануу жана куралдарды көзөмөлдөө жана жайылтпоого байланышкан маселелер боюнча департаментинин директорунун орун басары К.В. Воронцов баштаган делегация катышкан.
Жолугушууда биологиялык коопсуздук жаатындагы коркунучтар боюнча пикир алмашуу болгон. Ошондой эле биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча өкмөттөр аралык Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун ишке ашырылышы, анын ичинде мындан аркы кызматташуунун так багыттары талкууланган.