ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Бишкекте бир жылда автобустарда жол акысын төлөбөгөн 369 жүргүнчү аныкталган
02.02.2026 | 10:47

2025-жылы Бишкек шаарында коомдук транспортто жол акысын төлөбөй жүргөн 369 жаран аныкталган. Мэриянын маалыматында, аларга жалпы 369 миң сом айып пул салынган.
Мэрия учурда текшерүү иштери күн сайын саат 9:00дон 18:00го чейин жүргүзүлүп жатканын билдирди. Жол акысын төлөбөгөн ар бир жүргүнчүгө 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, протокол түзүлөт.
Мэрия жүргүнчүлөрдү коомдук транспортто жүрүү эрежелерин сактоого жана төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом