Бишкекте боорун алмаштырган бейтаптардын абалы айтылды

Бишкекте боорун алмаштырган бейтаптардын абалы айтылды

Бишкек шаарында боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оордукта. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, 15-июнга карата боорун алмаштырган бейтаптарда жакшы жылыштар байкалууда, аларда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады.

«Бардык дары-дармектер жетиштүү. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда күн сайын кенешме өткөрүлүп, ал эми түрк дарыгерлери менен онлайн кенешме өтүп жатат. Донорлордун абалы туруктуу жана эч кандай даттануулары жок», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасында акысыз боор алмаштыруу операциясы башталганы маалымдалган. Ага Түркиядан Инөнү университетинин (Малатия) ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган университеттин клиникасынын трансплантологдор тобу келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>