Бишкекте жол жээгиндеги бордюрду талкалап, көк чөптү тебелеп кеткен Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу табылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочуга 15 миң сом айыппул салынып, унаасы айып короого коюлган.
Андан кийинки териштирүү иштери үчүн ал милицияга жеткирилген.