Бишкекте бөйрөк көчүрүүдө биринчи жолу иммунологиялык тест колдонулду
Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында трансплантологиянын өнүгүшүндө маанилүү кадам жасалды. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (УЭБКБ) биринчи жолу бөйрөк көчүрүүдө иммунологиялык тестирлөө ыкмасы ийгиликтүү колдонулду.
Эми дарыгерлер донор менен реципиенттин шайкештигин HLA системасы (Human Leukocyte Antigens) боюнча так аныктап, Crossmatch (перекресттик тест) жүргүзө алышат жана PRA көрсөткүчүн эсептөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул ыкмалар органды четке кагуу коркунучун азайтып, эң ылайыктуу донорду тандоого жана көчүрүлгөн бөйрөктүн иш мөөнөтүн узартууга жардам берет.
Адистердин айтымында, өз алдынча лабораториялык базанын түзүлүшү саламаттык сактоо үчүн стратегиялык мааниге ээ. Келечекте ал улуттук трансплантациялык коопсуздук системасынын негизи болуп, чет өлкөлүк лабораторияларга болгон көз карандылыкты азайтат жана дарыгерлерге тез чечим кабыл алууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда УЭБКБда 36-бюджеттик бөйрөк көчүрүү операциясы ийгиликтүү өткөрүлдү. Донор — 2009-жылы төрөлгөн кыздын энеси. Бейтап 2025-жылдын июнь айынан бери гемодиализде болгон. Операция ийгиликтүү аяктап, эне менен кыздын абалы туруктуу.
HLA-тестирлөө жыйынтыктары, УЭБКБнын лабораториясында алынган маалыматтар, чет өлкөлүк эталондук лабораториянын жыйынтыктары менен толук дал келген. Бул — изилдөөлөрдүн жогорку сапатын жана ишенимдүүлүгүн тастыктайт.
Борбордун маалыматына караганда, иммунологиялык тестирлөөнүн киргизилиши Кыргызстандагы заманбап трансплантологиянын жаңы этабы болуп, бул ыкма мындан ары туруктуу түрдө колдонулмакчы.
Буга чейин, 18-августта, Р. Т. Эрдогандын атындагы Кыргыз-түрк достук ооруканасында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркина Чечейбаева жана Түркиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Нуруллах Окумуш эки өлкөнүн органдарды көчүрүү (трансплантация) тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашкан.