Бишкекте «CITY Market» заманбап базарын куруу үчүн ачык сынак жарыяланат

22.09.2025 | 18:29

Бишкек шаарынын мэриясы, «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы жана МЖӨ борбору биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк  долбоорунун алкагында ачык сынак жарыялады. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, сынак Бишкек шаарынын 9-кичи районундагы «CITY Market» базарын долбоорлоо жана курууга багытталган. Долбоордун жайгашкан жери: Байтик Баатыр көчөсү 6а жана 4а имараттарынын ортосундагы тилке. Долбоордун алкагында дүң жана чекене соода үчүн заманбап кичи-базар куруу, райондун тургундарын сапаттуу азыктар жана кызматтар менен камсыз кылуу, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза шаардык чөйрөнү түзүү жана эс алуу  үчүн коомдук жайларды уюштуруу. 

Бардык кызыкдар адамдар жана уюмдар,квалификациялык талаптарга жооп бергендер катышууга чакырылат.

Scroll to Top